"Видеокайрылуу боюнча суроолорго жооп бердим". Активисттер күч органдарына чакырылды

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстанда жер маселеси боюнча коомдук талкуу күчөгөндөн кийин бул темада пикирин билдирген бир катар блогерлер жана активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылып, сүйлөшүүгө кирип чыгышканын билдиришти. Алардын айтымында, жолугушууларда негизинен социалдык тармактардагы видеолору тууралуу сөз болгон. Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул учурлар боюнча түшүндүрмө бере элек.

Блогер Ильяз Чыңгызбек уулу 22-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына чакырылган. Анын айтымында, милиция кызматкерлери социалдык тармактардагы видеолорун өчүрүүнү сунушташкан.

"Мен кечээ ИИМге барып келдим. Ал жерде "видеолоруңдун баарын өчүр, саясатты сындап, видео чыгарба, сенин ырдаган ырларың элди дүрбөткөнгө түрткү болуп жатат. Андан көрө өзүңдүн балаңды ойло, үй-бүлөңдү ойло, саясатка аралашкандар камалып кетип жатат" дешти, - деп билдирди блогер.

Чыңгызбек уулу сүйлөшүүдөн кийин видеосун өчүрүүгө макул болгон.

Ошондой эле кызматкерлерден болуп жаткан окуяларга карата жеке көз карашын сураганын, бирок так жооп ала албаганын кошумчалады.

Ал 23-июлда саясий өңүттөгү видеосун Инстаграм баракчасынан өчүрдү.

Чыңгызбек уулу 5-июлда комуздун коштоосунда жер маселесине арналган ырын жарыялаган. Анда 2002-жылдагы Аксы окуясын, ошол окуяда каза болгон тайкесин эскерген жана мурдагы президент Аскар Акаевди да кошуп ырдаган.

Куудул Талант Анарбаев дагы ИИМге сүйлөшүүгө чакырылганын жакында социалдык тармактарда айтып чыккан. Ал бул тууралуу ачуусу келген видео жарыялап, милициядан телефон чалуу болгонун билдирген.

Куудул Би-Би-Сиге милицияга барганын ырастап, башында чакыруунун себебин туура эмес түшүнүп алганын айтты.

"Мен башында өзүмө алдым да. Көрсө комментарийлерди айталы дешкен экен. Мен өзүмө алып, эмнеге токтот деп жатат деп, катуу ачуум келди. Кийин комментарий түшүп жатат дегенде, аа, дедим. Туура эле түшүндүм", - деди ал.

Талант Анарбаев социалдык тармактар аркылуу кытай тили боюнча сабактарды үйрөтүп жүргөн. Ал кытай тили боюнча сабактарын убактылуу токтотуп, эми англис тили боюнча материалдарды чыгара баштай турганын кошумчалады.

Акыркы күндөрү жер маселеси боюнча пикирин билдирген дагы бир нече адам күч органдарына чакырылганын маалымдашкан.

Алардын арасында шоумен Актан Рыскелдиев, ишкер Алина Кудаярова жана активист Азамат Баяманов бар.

Баяманов 22-июлда УКМКга кирип чыкканын айтып, кызматкерлердин мамилеси сылык болгонун белгиледи.

"УКМКнын сурагына кирип чыктым. Ал жерде бир канча саат кечеки видеокайрылуу боюнча суроолоруна жооп бердим. Кызматкерлер сылык-сыпаа мамиле кылышты. Баары жакшы. Эң негизгиси биз кечээки кайрылуу боюнча максатыбызга жеттик десек болот", - деди ал.

ИИМ жана УКМК жарандардын сүйлөшүүгө чакырылганы боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн караган жобого айрым өзгөртүү сунуштаган. Чет элдик инвесторлор тууралуу талкуулар ушундан кийин күчөп кеткен.

Мындан улам президент Садыр Жапаров акыркы күндөрү бир нече жолу чет өлкөлүк инвесторлорго жер сатылбай турганын, аларга жер белгилүү мөөнөткө гана пайдаланууга берилерин билдирди.

Жапаров тышкы инвесторго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келаткан норма экенин белгилеп, азыр бул норманы заман талабына ылайыктап, инвестордун жоопкерчилигин күчөтүү аракети көрүлүп жатканын жүйө келтирген:

"Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт. Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт", - деген Жапаров.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков болсо коомчулукту козутууга аракет кылгандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.

"...азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз".

Чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинен кытайлык мигранттардын катышуусундагы коомдук тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабоо учурларына байланыштуу бийлик чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөттү. Ошондой эле мыйзам бузгандарын жоопко тартып, айрымдарын депортация кылуу чечимдери да кабыл алынганы маалым болгон.