"Баалар өсүүдө". Кыргызстанда күйүүчү май маселеси кандай чечилет?

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Орусиядагы соңку кырдаалдан улам мунай кризиси орун алды. Анын кесепети Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да тийүүдө. Буга чейин мунайзаттын 90% Орусиядан алып келген Кыргызстанда канча күйүүчү май кору калды? Ал канчага жетет? Кайсы мамлекеттерден бензин келиши мүмкүн?

Буга чейин Орусиядан Кыргызстанга бензин ташуу дээрлик токтогондугу айтылган. Кыргызстан бир жылда 2 млн. тонна мунайзатын керектесе, анын 90-95% Орусиядан импорттоп келген. Кыргыз бийлиги эми алыскы жана жакынкы бир катар мамлекеттен күйүүчү май ташып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Биз баш баккан Бишкектеги май куюучу бекеттердин биринде бензиндин бир да түрү жок экенине күбө болдук. Бир гана дизель жеткиликтүү экен. Ошол эле кезде башка май ташуучу компаниялардын бекеттеринде күйүүчү май сатыкта бар болгону менен, баасы өскөн. Би-Би-Си калаада абал кандай экенин айдоочулардан сурады.

Бекжан Медербеков:

Бензин кымбаттап, жаман болду. Иштеп эле жатабыз, кымбат. Бул эмне балээ болуп жатат, АИ-95 жок, АИ-92 84 сомго чыкты.

Бектурган:

Ошол үчүн кичинекей машина айдап калбадымбы. Буга чейин жол тандабас айдачумун. Күйүүчү май куйган жайлардын баарында эле бензин тартыш болуп, кымбаттап жатат го. Мисалы бул жакта дизель эле калыптыр, бензин жок экен.

Кайратбек Арыков:

Кымбат, чын эле кымбат! Мен азыр эле 1000 сомго куйдум. Бул он гана литр болуп жатат, мурда мен 1000 сомго канча куйчу элем, азыр канча куям?

Канатбек Сыдыков:

Кээ бир жерлерге барсаң, чынында бензин жок. Бензин кымбаттаса баары кымбаттайт да, арзандаса баары арзандайт. Элге арзан болгону эле жакшы го дейм.

Даниель Жумабаев:

Кээ бир жерлерде бензин жок. Келесиң, келсең баасы көтөрүлүп кетет. Бензиндин сапаты начарлап жатат. Машина бузулуп жатат. Билбейм эмне кылыш керек?

Өкмөт жакында АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге карата субсидияны алгандан кийин наркы кескин түрдө өсүп кетти. Учурда анын баасы 109, 90 тыйынды түзүүдө. Ал эми баасы көзөмөлдөнүп турган АИ-92 маркасындагы бензинге болгон баа 84,90сом болууда.

Арген Токтосунов:

Бензиндин баасы 110 сом болуп калыптыр. Мурун 80 сомдон куюп жүрчүбүз. Мурун 10-12 литр куйсан 1000 сомго, азыр 10 литрге жетпеген эле куясың. Буга байланыштуу акча көп кетет.

Айдоочу:

Баарын туура түшүнүү керек. Бул биздин колубузда эмес. Мамлекет өзү чечет да.

Маматкабыл Жусуев:

Бензиндин кымбаттаганы карапайым элге кыйын эле болду. Бир жуманын ичинде эле өтө кымбаттап кетти. Негизи карапайым элге оор болду. Бийлик башка жактар менен келишим түзсө, элге жеңилдик берсе, жакшы болмок.

Айдоочу:

Башкысы бар болсун, жок жаман да. Болгону жакшы.

Айдоочу:

Бензин кымбаттап жатат. Сезилерлик кымбаттап жатат. Арзан болгону жакшы да. Орусиядан токтогон болсо, башка жактардан алыш керек. Мисалы Казакстандан алыш керек.

"Кырдаал кыйындап баратат"

Нефтетрейдерлер ассоциациясы айрым май ташуучу компаниялардын кору азайып жатканын билдиришти. Мисалы "Роснефть" сыяктуу компаниялардын запасы азыраак калган.

"Эч ким азыр кепилдик бере албайт. Кырдаал күндөн күнгө катаалдап баратат. Анткени мурун бизде эки айлык кор болсо, бүгүнкү күндө бир айлык, 20 күндүк кор бар. Ар кайсы компанияныкы ар кандай. "Роснефть" менен JolGo компанияларында 10 күндүк, бир жумалык запастары бар. Ал эми кээ бир компаниялар 20-25 күндүк бар деп айтууда. Бирок орто эсеп менен Кыргызстанда бир айлык кор бар", - деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов.

Кыргыз бийлиги алыскы жана жакынкы коңшу мамлекеттерден күйүүчү май ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтууда. Эшатов Кыргызстан алардан ири көлөмдө бензин ала алса, кырдаалдан оңой эле чыга алат деп эсептейт.

"Биздин мунай ташуучу компаниялар алыскы жана жакынкы кошуналар менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Жакынкылар Казакстан, Кытай, алыскылардан Азербайжан, Беларус мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде сүйлөшүп жаткан компаниялардан чын эле чоңураак көлөмдөрдү ала турган болсок, бул кырдаалдан чыгып кетишибиз мүмкүн. Бирок баа саясаты күндөн күнгө өсүп жатат", - деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов.

Өкмөт 2-3 айлык май корун топтоп жатат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 22-июлда "Азаттыкка" берген маегинде өкмөт майдын корун эки-үч айга жеткидей толуктоо иштерин жүргүзүп жатканын айткан:

"Орусия бизге окшоп эле тыштан күйүүчү-майлоочу май ташып келүүдө. Коомчулукта дайым эле Орусиядан көз каранды боло беребизби, башка жолдор жокпу деген суроо коюлууда. Альтернативдүү булактар, албетте бар. Бирок алар кымбат. Кымбат болсо да толтуруу милдети турат. Мурда эки-үч апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт. Максат – кеминде 2,5 айлык запасты топтоп коюу. Өкмөт бааны турукташтыруу, кенемте маселесин да карап жатат. АИ-95 менен АИ-92нин айырмасы адатта 1-2 сом эле болчу, азыр 10 сомдон ашты. Социалдык маанидеги товардын бири болгон дизель боюнча да иш жүрүүдө. Эгер бааларды эркин жүгүртүүгө койсок, АИ-95 120 сомдой болмок, АИ-92 114, ал эми дизель 150 сомго чыкмак".

Кытайдан күйүүчү май келе баштады

Бишкек Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия жана Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылууда. Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун 21-июлда айтканына караганда, Кытайдан күйүүчү май келе баштады. Беларустан да келет деп күтүлүүдө.

"Кытай менен сүйлөшүүлөрдө жакшы чечимдер болду, келишимдер кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзү атайын делегация менен коңшу өлкөгө барып, күйүүчү майдын көлөмүнө, убактысына жана башка нерселерине байланыштуу макулдашууларга жетишти. Тиешелүү макулдук алып келди. Кытай тарап иш жүзүндө биринчи партияны жөнөтүштү, биз азыр анын логистикасын уюштуруп жатабыз. Кытайдан автотранспорт менен гана жүк ташуу жолу бар эмеспи, ошондуктан бул бир аз убакытты талап кылат экен. Жүктү өткөн аптада жөнөтүшкөн. Министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт, Энергетика министрликтерине, Бажы, Салык жана башка кызматтарга товарды Кыргызстанга эч кандай тоскоолдуксуз киргизүүнү тапшырган. Бул багытта иштер жүрүүдө", -деди министр Рысбеков.

Өкмөт 13-июлда ички рынокту коргоо жана күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу максатында мунай жана мунай продуктуларын алып чыгууга тыюу салган.