Кытайча жазуулар алынды, бийлик түшүндүрүү иштерин күчөттү

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстанда акыркы күндөрү чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинен кытайлык мигранттардын катышуусундагы коомдук тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабоо учурлары коомдо кызуу талкуу жаратты. Буга байланыштуу бийлик тарабынан көрнөк-жарнактардагы тил эрежелерин иретке келтирүү, чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөтүү иштери жүрүүдө.

Манас шаарынын мэринин тапшырмасынын негизинде шаарда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын жана тил эрежелеринин талаптарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

"Анын алкагында мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бербеген, грамматикалык жана орфографиялык каталарга жол берилген көрнөк-жарнамалар алынып, иретке келтирилди. Ошондой эле ишкерлерге жана тиешелүү тараптарга көрнөк-жарнамаларды мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү" деп айтылат Манас мэриясы тараткан маалыматта.

Ушундай эле иш-чара Ош шаарында да калаа башчысы Жанарбек Акаевдин катышуусунда жүргүзүлгөн. Анда чет элдик ишкерлерге карата рейд болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди.

Анын жүрүшүндө мамлекеттик тил мыйзамынын ченемдерине жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды.

"Шаар бийлиги мыйзам чегинде иш алып барган ар бир ишкерди колдойт. Бирок сиздер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактап, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын сөзсүз аткарышыңыздар керек", – деген Жанарбек Акаев.

Буга чейин да социалдык тармактарда талкуу жараткан Ысык-Көлдөгү кытайча жазылган жол белгилери алынып жатканы айтылган. Ошондой эле Кеминдеги "Алтынкен" ишканасынын аймагындагы кытайча жазуу да өчүрүлгөн болчу.

"Бул жазуу 2015-жылы ошол учурдагы бийликтин талабы менен экологияны сактоого чакырык катары жазылган. Ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, чакырык эки тилде берилген. Анын мааниси бирөө гана - кен байлыкты өндүрүү менен бирге жаратылышты, тоолорубузду жана сууларыбызды сактоо. Бул жерде эч кандай саясий маани жок, бул ар бир кызматкерди жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөгөн экологиялык чакырык. Ал кезде кызматкерлердин 60 пайызга жакыны Кытайдан келген адистер болсо, бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт" деп билдирген "Алтынкен" компаниясы.

Түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Ал арада мамлекеттик органдар чет элдиктер арасында Кыргызстандын мыйзамдары жана жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда.

21-июлда Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, УКМК кызматкерлери Кыргызстандагы Кытай элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда чет элдик жарандар өлкөнүн мыйзамдарын, коомдук тартип жана жол эрежелерин так сактоо, маданиятын урматтоо керектиги талкууланды.

Ошондой эле бардык облустарда милиция кызматкерлери чет элдик жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, аларга миграциялык мыйзамдарынын талаптарын, иш жүргүзүү тартибин, укуктар жана милдеттерин түшүндүрүүдө.

Кыргызстанга мигранттарды алып келип иштеткен ишкерлерге да жумушчуларына жүрүм-турум тартибин, эрежелерин жеткирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Андан тышкары, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов төрагалыгы астында Кытайдын элчиси Лю Цзянпиндин жана ИИМдин башкы башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы Кытай Эл Республикасынын жарандарынын арасында укук бузууларды алдын алууга багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун зарылдыгы жөнүндө алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, өлкөнүн салт-санаасына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат-сый менен мамиле кылуу боюнча чаралар талкууланды" деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Акыркы күндөрү коомдук сайттарда Кытай жарандарынын коомдук тартипти, жол эрежелерин, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуп жаткан жеринен тартылган видеолор тараган. Бул окуялар Кыргызстанга келген коноктордун жүрүм-турумун кантип жөнгө салуу керектиги тууралуу кызуу талкууларды жаратты.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде бийлик сын-пикирлерге кулак салып, туура кабыл алып жатканын билдирди. Ал жергиликтүү бийлик органдары ушундай масштабдагы эмгек миграциясына толук даяр эмес болуп чыкканын моюнга алып, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

Жапаровдун айтымында, акыркы айларда 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган жана дакында 100гө чукул жаран депортация болот.

"Ошол эле учурда "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбайм. Тескерисинче, мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы айларда эле 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Жакында 100гө чукул жаран депортация болот. Мамлекеттин мыйзам бузгандарга карата жообу ушул сандарда. Албетте, коом тарабынан айтылган сын-пикирлер дагы жөн жерден чыккан жок. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму боюнча элдин нааразычылыгы жаралды. Биз ал сындарды угуп жатабыз, окуп жатабыз жана аны туура кабыл алабыз. Чынында эле жергиликтүү бийлик органдары мындай масштабдагы эмгек миграциясына толук даяр эмес болуп чыкты. Ошондуктан бүгүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулууда".

Кыргызстанда соңку күндөрү жерди узак мөөнөттө чет өлкөлүктөргө берүүгө жана кытай жарандарына байланышкан темалар көп талкууланууда.

Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу да түшүндүрмө берген. Төрт күндөн кийин, 21-июлда да ушул жана башка темаларга кенен токтолуп, Фейсбук баракчасында көлөмдүү билдирүү жасады.