You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Келиңиздер, чогуу иштейли". Лукашенко өзбекстандыктарды Беларуска чакырууда
Өзбекстандын жарандары үчүн чет өлкөдө иштөөгө мүмкүнчүлүк берген альтернативдүү эмгек рынокторунун саны дагы бир өлкөгө көбөйдү. Эми алардын катарына Беларус да кошулду.
Бул жаңылык Өзбекстандын өкмөтү өз жарандары үчүн чет өлкөдөгү эмгек рынокторун диверсификациялоо, башкача айтканда бир гана өлкөгө көз каранды болбоо саясатын жүргүзүп жаткан учурда жарыяланды.
Тышкы эмгек миграциясы Өзбекстандын өкмөтү үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Анткени ал өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет.
Өзбекстан Борбор Азиядагы чет өлкөлөрдө эң көп жараны эмгек миграциясында жүргөн мамлекет болуп саналат. Ар кандай эсептөөлөр боюнча, алардын саны бүгүнкү күндө дагы бир нече миллион адамга жетет.
Чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн өзбекстандыктар мекенине жыл сайын миллиарддаган доллар акча которушат. Бул каражат өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) олуттуу бөлүгүн түзүп, көп жылдан бери социалдык чыңалууну басаңдаткан негизги факторлордун бири катары каралып келет.
Ушул убакка чейин Орусия, Борбор Азиядагы башка мамлекеттер сыяктуу эле, өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн эң ири эмгек рыногу болуп келген. Орусиядан кийин Казакстан, Түштүк Корея жана Түркия өзбек жарандары мыйзамдуу жана мыйзамсыз эмгектенген негизги өлкөлөрдүн катарына кирет.
Бирок Өзбекстандын өкмөтүнүн аракеттеринин натыйжасында акыркы жылдары бул тизме Европа, Азия жана араб өлкөлөрүнүн эсебинен кыйла кеңейди.
Ушул жылдын башында жарыяланган расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Өзбекстандын жарандары уюшкан эмгек миграциясынын негизинде дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө иштеп жатышат.
Январь айында президент Шавкат Мирзиёев Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция өткөргөн.
Жыйында тышкы эмгек миграциясын системалуу жолго коюу, өзбекстандыктарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу жана жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуштарга жайгаштыруу аймак жетекчилери менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн негизги милдеттеринин бири катары белгиленген.
Мунун баары, экинчи жагынан, Орусиянын Украинадагы согушу жана бул өлкөдө мигранттарга каршы маанайдын күчөшү өзбекстандык эмгек мигранттарынын массалык түрдө мекенине кайтып келиши мүмкүн деген кооптонуулар күчөгөн учурга туш келди.
Бүгүнкү күндө тышкы эмгек миграциясы Борбор Азиядагы көпчүлүк өлкөлөр үчүн жумушсуздук менен жакырчылыкты жеңилдетүүнүн эң натыйжалуу жана эң практикалык жолдорунун бири бойдон калууда.
Иштөө үчүн кайсы өлкө ыңгайлуураак: Орусиябы же Беларуспу?
Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң көп мамлекет болуп саналат. Акыркы расмий маалыматтар боюнча өлкөнүн калкынын саны 40 миллионго жакындап калды. Анын калкынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт.
Өзбекстандыктарды Беларуска иштөөгө өлкөнүн президенти Александр Лукашенко өзү чакырды.
Ал адегенде Өзбекстандагы суу тартыштыгын сөз кылып, андан соң жердин тартыштыгын белгиледи. Лукашенко Беларус бул жагынан бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтып, ал тургай бүтүндөй өзбек үй-бүлөлөрүнүн Беларуска көчүп келип жашашын кааларын билдирди. Бул чакырык Өзбекстандын айрым басылмаларында башкы жаңылык катары жарыяланган.
Акыркы бир нече ай ичинде Лукашенко бул маселеге эки жолу кайрылды. Ал: «Биз өзбекстандыктарды ишке алууга ар дайым кубанычтабыз», — деп билдирген.
Ошондой эле ал Беларуска келгендер үчүн турак жай, билим алуу жана медициналык кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөрүн, алардын өнүгүүсүнө бардык шарттар камсыздала турганын убада кылды.
"Келиңиздер, чогуу иштейли. Беларус эли өзбек элине абдан жакшы мамиле кылат", - деди Лукашенко.
Анын айтымында, Беларус аймактарынын бош калып кетпеши үчүн мындай кадам өлкө үчүн өтө зарыл.
Ошондой эле ал эки өлкөнүн президенттери бул демилгени колдоп жатканын белгилеп, тез аракет кылууга чакырды.
"Эгер кечигип калсак, биздин ордубузга башкалар келет", - деди ал.
Мындай ачык чакырык дүйнөнүн башка мамлекеттеринде дээрлик кездешкен эмес. Анткени өзбекстандыктар эмгек миграциясына көп барган өлкөлөрдүн жетекчилери буга чейин мындай деңгээлде түз кайрылуу жасашкан эмес.
"Беларус биз үчүн жаңы эмгек рыногу"
Migrant.uz порталынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, юрист Ботиржон Шермухаммад BBC өзбек кызматына берген маегинде Беларус Өзбекстан үчүн жаңы эмгек рыногу экенин белгиледи.
Анын айтымында, азырынча ачык булактарда бул рынок боюнча кеңири экономикалык талдоолор жок. Ошондуктан Беларус канча өзбекстандык эмгек мигрантын кабыл ала алары тууралуу так маалымат да жок.
Ошол эле учурда, совет мезгилинен бери Беларус өнөр жайы өнүккөн өлкө катары белгилүү. Мындан тышкары, айыл чарба тармагы да жакшы өнүккөн.
Беларуста иштеп жаткан өзбекстандык ишкерлер менен болгон сүйлөшүүлөргө таянып, Ботиржон Шермухаммад учурда айыл чарбасында, мал чарбачылыгында, дыйканчылыкта, курулушта, өнөр жайда жана тейлөө тармагында жумушчу күчүнө суроо-талап жогору экенин айтты.
Анын айтымында, айына орточо 1000 АКШ долларына жакын киреше табууга мүмкүнчүлүк бар.
"Мисалы, Түркия же Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү менен салыштырганда, бул жердеги шарттар жаман эмес", - деди ал.
Ошол эле учурда адис Европанын айрым өлкөлөрүндө да ушундай эле айлык акы сунушталарын, бирок ал жакка баруу кыйла татаал экенин белгиледи.
"Мисалы, Болгария сыяктуу өлкөлөрдө да айына орточо 1000 доллардын тегерегинде киреше табууга болот. Бирок ал жакка жетүү оңой эмес. Анткени Европа өлкөсүнө виза алуу керек, ал эми визаны алуу процесси кыйла татаал жана көп убакытты талап кылат", - деди ал.
Бирок анын айтымында, Беларус өкмөтү эмгек мигранттары үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө даяр экенин билдиргени менен, ал өлкөнүн мыйзамдары жана жоопкерчилик чаралары башка мамлекеттерге салыштырмалуу катуураак болушу мүмкүн экенин да эске алуу зарыл.
"Беларуска баргандан кийин алардын мыйзамдарын кылдат үйрөнүп, ошол мыйзамдардын чегинде иштөө керек. Орусиядагыдай мыйзамсыз иштеп же мыйзамсыз жүрүүгө аракет кылбоо зарыл. Ал өлкөнүн тартибин жана башкаруу системасын сөзсүз эске алуу керек", - деп белгиледи ал.
Өзбекстан менен Беларус стратегиялык өнөктөш болду
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 8–9-июлдагы Беларуска болгон эки күндүк расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн тарыхында биринчи жолу стратегиялык өнөктөштүк мамилеси түзүлдү.
Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери 35 жыл өткөндөн кийин тараптар "Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө" келишимге кол коюшту.
Ошентип, Өзбекстан менен Беларус ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү.
Ошондой эле эки мамлекет биринчи жолу эмгек миграциясына байланыштуу өзүнчө келишим түзүштү.
Бул келишимге ылайык, Беларус Өзбекстандын жарандарын уюшкан негизде убактылуу ишке кабыл алып, жумушка тартат.
Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда мындай келишим болгон эмес.
Маркум президент Ислам Каримов башкарган мезгилде Өзбекстандын Беларус менен алакасы анчалык жакын эмес болчу.
Азыр болсо Өзбекстан улуттук кызыкчылыктарга негизделген көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүп, ар түрдүү мамлекеттер менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө умтулууда. Ошондой эле соода өнөктөштөрүн жана тышкы рынокторун диверсификациялоону көздөйт.
Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы беш жыл ичинде Өзбекстан менен Беларус ортосундагы өз ара соода жүгүртүү дээрлик үч эсеге көбөйгөн.
Өткөн жылдын жыйынтыгында анын көлөмү 1 миллиард АКШ долларына жакындады.
Эки өлкө бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатышат.
Беларус тууралуу эмнелер белгилүү?
2025-жылдагы маалыматтар боюнча, Беларус калкынын саны дээрлик 10 миллион адамды түзөт.
Өлкөдө өндүрүш, тейлөө тармагы жана айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Экономикасы негизинен экспортко багытталган.
Ошол эле учурда экономиканын негизги бөлүгү мамлекеттин көзөмөлүндө турат.
Беларус экономикасы көп жагынан Орусия менен болгон соода байланыштарына таянат. Москва өлкөгө каржылык жардам көрсөтүп, жеңилдетилген баада энергия менен камсыздап келет.
Өлкөнү 30 жылдан ашуун убакыттан бери Александр Лукашенко башкарып келет.
2020-жылы Беларус олуттуу саясий кризисти башынан өткөргөн. Андан кийин өлкөдөн көптөгөн адамдар көчүп кетишкен. Алардын арасында эмгекке жарамдуу жана жогорку квалификациялуу адистер да аз болгон эмес.
Ошондой эле Беларус Украинадагы согушта Орусиянын эң жакын союздаштарынын бири катары каралат.
Батыш өлкөлөрү буга байланыштуу Минскиге каршы көптөгөн санкцияларды киргизишкен.
Беларуста Орусиянын тактикалык өзөктүк куралдары жайгаштырылганы айтылганы менен, өлкө Украинадагы согушка түздөн-түз катышкан эмес.
Ошентсе да Украина менен чектеш жайгашканы жана аймактагы коопсуздук кырдаалы эмгек мигранттары үчүн белгилүү бир кооптонууларды жаратып келет.
Бул тууралуу Ботиржон Шермухаммад да токтолду.
"Албетте, кооптонуу бар. Биз да биринчи кезекте согушка байланышкан жагдайды сурадык. Азырынча Беларус түздөн-түз согушка аралашпай, эки тарап менен тең мамилесин сактап келе жатат. Ушундай бойдон калат деп үмүттөнөбүз. Азырынча чоң коркунуч байкалган жок. Бирок тобокелчилик таптакыр жок деп айтууга болбойт", — деди ал.
Анын пикиринде, эгерде Украинадагы согуш жакын арада аяктаса, Беларус да, Украина да өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн абдан кызыктуу эмгек рынокторуна айланышы мүмкүн.
Беларус жана эмгек рыногу
Маалыматтарга караганда, учурда Беларус олуттуу жумушчу күчүнүн тартыштыгына туш болууда.
Адистердин айтымында, мындай абалдын жаралышына калктын массалык түрдө чет өлкөгө көчүп кетиши жана төрөлүүнүн азайышы себеп болгон.
Акыркы жылдары Беларус өкмөтү бул тартыштыкты чет өлкөлөрдөн келген жумушчулар аркылуу жоюуга аракет кылууда. Айрыкча кадр жетишпеген тармактарда чет элдиктерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартип менен жумушка алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Айрым беларус басылмаларынын маалыматына ылайык, 2025-жылы Беларуска 48 миңден ашуун эмгек мигранты келген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 42 пайызга көп.
Ошол эле маалыматтарда быйыл да өлкөгө келген мигранттардын саны өсүп жатканы белгиленет.
2025-жылы Беларуска келген чет элдик жумушчулардын эң чоң тобу Түркмөнстандан барган. Алар жаңы келген бардык чет элдик кызматкерлердин дээрлик жарымын — 48 пайызын түзгөн.
Андан кийинки орундарда Орусия менен Украинанын жарандары турат.
Өзбекстан төртүнчү орунду ээлеп, 3618 жараны Беларуска иштөөгө барган.
Бул төрт өлкөдөн кийин Кытайдын жарандары жайгашкан.
Мындай маалыматты belsat.eu басылмасы жарыялаган.
Ошол эле басылма Беларус президенти Александр Лукашенконун Пакистандан 150 миң жумушчу тартуу ниети тууралуу билдирүүсүнө да көңүл бурган.
Бирок расмий статистика бул көрсөткүчтөн кыйла айырмаланат. Басылманын маалыматына ылайык, өткөн жылы Беларуска Пакистандан болгону 561 адам иштөөгө келген.
Ошентсе да эмгек миграциясынын географиясы кеңейип баратканы белгиленет. Бүгүнкү күндө Беларуска Вьетнамдан, Мьянмадан, Камерундан, Кот-д'Ивуардан, Конгодон жана башка ондогон мамлекеттерден адамдар иштөөгө келишет.
Бирок серепчилер эмгекке болгон суроо-талап жогору болгону менен Беларустагы айлык акылар Батыш Европадагы өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн экенин белгилешет.
Мындан тышкары, өлкөнүн авторитардык башкаруу системасы жана көзөмөлдүн катуулугу эмгек мигранттары тууралуу интернеттеги талкуулардын негизги темаларынын бири болуп келет.