You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ менен Иран сокку урууну улантууда. Мунайдын бир баррели 90 доллардан ашты
АКШ Иранга каршы жаңы соккуларды жасады. Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери бул америкалыктардын катары менен тогузунчу түнкү чабуулу болду.
Иран өз кезегинде Бахрейн менен Кувейттеги америкалык аскердик объектилерге жооп катары сокку урганын жарыялады. Конфликттин курчушу Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуздугуна болгон кооптонууну күчөтүп, Brent маркасындагы мунайдын баасынын бир баррели 90 доллардан ашуусуна алып келди.
"Бүгүн түнү биз аларга дагы бир жолу олуттуу сокку урдук",- деп билдирди АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк чемпионаттын финалына барып келгенден кийин Вашингтонго кайтып келип жатып. Ал чабуулдар "үч улуу патриотту эскерүү" максатында жасалганын кошумчалады.
Жаңы соккулар толкуну Вашингтон үч америкалык аскер кызматкеринин каза болгонун кабарлагандан кийин болду. Алардын экөө Ирандын Иорданиядагы америкалык базага жасаган чабуулунан каза тапса, дагы бир аскер кызматкери ишемби күнү Ирактын түндүгүндө атып түшүрүлгөн ирандык учкучсуз учактан жарылбай калган ок-дарыны жок кылуу учурунда курман болгон.
Согуш башталгандан бери каза болгон америкалык аскер кызматкерлеринин жалпы саны 17ге жетип, 420дан ашыгы жаракат алды.
АКШнын Борбордук командачылыгы соккулардын бутасы Ирандын аскердик объектилери жана байланыш түйүндөрү болгонун билдирди. "Борбордук командачылыктын күчтөрү Иранга каршы жаңы соккуларды баштады - бул катары менен тогузунчу түн. Бул соккулар Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жана жарандык деңизчилерге кол салуу мүмкүнчүлүгүн алсырата берет", - деп айтылат АКШнын Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө.
Эки өлкөнүн ортосундагы согуштук аракеттер 8-июлда кайра жанданган, ал эми Трамп кийинчерээк июнь айынан бери күчүндө болгон ок атышууну токтотуу келишими аяктаганын жарыялаган.
Ирандык Tasnim маалымат агенттиги өз кабарчыларына таянып, дүйшөмбү күнү эртең менен америкалыктар Ирандын бир нече шаарына ракеталык сокку урганын билдирди. Tasnim маалыматы боюнча, Тебриз, Чабахар, Конарак, Бендер-Махшехр жана Бендер-Имам-Хомейни шаарларында жарылуулардын үнү угулган.
Өз кезегинде Ислам революциясынын сакчылар корпусу Сириянын аймагындагы Эт-Танф районунда жайгашкан "душмандын атайын операциялар штабына" сокку урганын жарыялады.
Буга чейин Иран Кувейттеги Аль-Адири лагериндеги жана Али-ас-Салем авиабазасындагы америкалык аскердик объектилерге жана техникаларга учкучсуз учактар менен сокку урган. Акыркы бир жуманын ичинде бул базалар Ирандын америкалык объектилерге жана Перс булуңундагы АКШнын союздаштарына каршы чабуулдарынын бутасы болуп келген.
Кувейт өкмөтү катары менен экинчи күнү сууну тазалоочу жай чабуулга кабылып, өрт чыкканын билдирди. Бийлик муну өтө маанилүү жарандык инфраструктурага жасалган түздөн-түз сокку деп атады.
Ормуз кысыгы жана мунай
АКШ менен Ирандын ортосунда ачык согуштук аракеттер кайра жанданган учурдан тартып Ормуз кысыгы аркылуу энергетикалык ресурстарды жеткирүүнүн туруктуулугуна карата кооптонуулар сакталууда. Эки тарап тең бирин-бири ок атышууну токтотуу келишимин бир нече жолу бузду деп айыптоодо.
Тегеран Кошмо Штаттарды дүйнөлүк мунай ташуунун бештен бир бөлүгү согушка чейин өтүп турган Ормуз кысыгын көзөмөлгө алууга умтулууда деп күнөөлөйт.
АКШ өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандан бир ай өткөндөн кийин, деңиз блокадасын кайра баштады. Ал меморандум, башка нерселер менен катар, кысыкта кемелердин эркин жүрүүсүн камсыз кылууга жана Иранга каршы санкцияларды жумшартууга тийиш эле.
Тегеран буга чейин эле Ормуз кысыгын жаба турганын жарыялап, Вашингтонду меморандумдун бир нече пунктун, анын ичинде ирандыктардын айтымында, кемелердин кысык аркылуу өтүүсүнө Иранды жоопкерчиликтүү кылган пунктту бузду деп айыптаган.
АКШ менен Израиль 28-февралда Тегерандын өзөктүк жана ракеталык программаларын иштен чыгаруу, ошондой эле ал колдогон регионалдык куралдуу топторду алсыратуу максатында Иранга сокку ургандан кийин башталган конфликт миңдеген адамдардын, негизинен Иран менен Ливанда, өмүрүн алды. Согуштук аракеттер энергетикалык ресурстарды жеткирүүдө олуттуу үзгүлтүктөрдү жаратып, дүйнөлүк инфляциянын өсүшүнө байланыштуу кооптонууларды күчөттү.
Кезектеги чыңалуунун шартында дүйшөмбү күнү мунайдын баасы 3%га жогорулады. Brent маркасындагы мунайдын баасы бир баррели үчүн 90 доллардан ашты - бул 11-июндан берки эң жогорку көрсөткүч.