"Кызым эч качан турмушуна нааразы болгон эмес". Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы келин каза болду

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы келин каза болду. Артында эки жана төрт жаштагы кыздары калган. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маркум Канатбек кызы Жумайымдын апасы Надира айым кызы жакшы турмушта жашаганын, буга чейин арыз-даттануулары болбогонун Би-Би-Сиге айтып берди.

"Кызым эч качан турмушуна нааразы болгон эмес. Дайыма күлүп-жайнап жүрчү. Кайын журту же күйөөсү тууралуу бир да жолу жаман сөз айткан эмес. Ар дайым маанайы жакшы болчу. Кантип мындай болуп кеткенин түшүнө албай жатабыз. Эмне болду, кандай болду - биз үчүн баары бүдөмүк. Мага эч качан арызданган эмес. Артында эки кызы калды. Кызым турмушум абдан жакшы деп айтчу. Кайын журтун да дайыма мактап, алар өзүнө жакшы мамиле кыларын айтып жүрчү. Күйөө балам да кызымды сыйлап, кам көрчү. Кайын журту дагы аны өз кызындай көрүп, абдан жакшы мамиле кылчу. Кантип мындай окуя болуп кеткенин билбейбиз. Азыркыга чейин ишене албай турабыз".

Маалыматка ылайык, 18-июлда болжол менен саат 09:15те милицияга Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Буйга айылынын тургуну, 2002-жылы туулган К. Ж каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Андан соң райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан.

Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн жүрүшүндө маркумдун сөөгү 17-июль күнү кечки убакта өзү жашаган үйдүн короосунда табылганы аныкталган. Аны биринчи болуп кайын атасы көргөнү маалымдалды.

Маркумдун сөөгү Кара-Кулжа райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал каза болгонго чейин жолдошу, кайын атасы жана кайын энеси менен чогуу жашап келген. Окуя болгон учурда жолдошу менен кайын атасы чөптө жүргөнү, ал эми кайын энеси жайлоодо болгону айтылды.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери кабарланды.