Wildberries кампаларына кайрадан сокку урулду

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA
- Author, Наргиза Асекова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
22-июлга караган түнү Украина Орусиянын эң ири онлайн соода компаниясы Wildberries'тин кампаларына кайрадан сокку урду. Бул ирет Краснодар жана Ставрополь аймактарындагы логистикалык борборлор бутага алынды.
Бул объектилер Орусия армиясын дрондордун тетиктери жана навигациялык жабдуулар менен камсыздоого катышкан деп эсептелет.
Wildberries маркетплейсинин жетекчиси Татьяна Ким жабыркагандар бар экенин Telegram каналына жазды. Компания эки борбордо тең иш убактылуу токтотулганын маалымдады.
Невинномысск шаарындагы кампада өрт чыгып, беш адам жабыркаганын Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров маалымдады. Ал эми Краснодардагы кампа комплексинде 10 адам жабыркаганын бийлик өкүлдөрү билдиришти.
"Үчөөнүн абалы оор, бирөөнүн абалы орточо оор деп бааланууда", — деди Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев.
Эске салсак, 18-июлда дагы Орусиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries'тин кампасы дрон чабуулуна кабылган. Жалпы 8 адам каза болуп, жабыркагандар 80 адамга жеткен. 21 жаштагы бир кыргыз жараны жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирген.
Wildberries Орусияда жана ага коңшулаш өлкөлөрдө товарларды интернет аркылуу алып-сатууга мүмкүнчүлүк берген платформа. Анын Орусиянын бир топ аймагында товар сактоочу кампалары бар.
Кыргыз ишкерлеринин убайымы
Соңку бир канча күндөн бери чабуулга дуушар болгон Wildberries кампаларында кыргызстандык ишкерлердин тонналаган товарлары күйүп, миллиондогон сомдорго чыгаша болушту. Алардын бири 5 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Элиана Истамова. Ал Мадина базарындагы ишкерлерден материалды карызга алып, кийим тиктирип, товарларды Орусиядагы ири кампаларга жөнөткөнүн, эми карызды кантип төлөйм деп бушайман болуп турганын Би-Би-Сиге айтып берди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Жеке менин чыгымым 9 миллион сомго жетти. Бүгүн, 22-июлда дагы эки кампа күйүп кетти. Ал жакта дагы товарларыбыз бар болчу. Жалпы канча чыгым болгонун азырынча эсептеп бүтө элекпиз. Азыр бизде группа ачылды. Анда 700-800дөй ишкер бар. Баардык ишкерлердин чыгашасы канча болгону белгисиз. Мен билгенден бир ишкер эң көп 45 миллион сомго күйдү", - деди ал.
Азырынча Wildberries компаниясы жабыркаган ишкерлерге кандай жардам көрсөтөрү так белгисиз. 21-июлда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries компаниясынын өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда чабуулдун кесепеттери талкууланды.
Министрлик Wildberries менен иштеген кыргызстандык ишкерлер тарткан зыяндын көлөмү такталып жатканын маалымдады.
"Wildberries компаниясынын өкүлдөрү келтирилген зыянды баалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде кампалардын жабыркаган көлөмүн аныктоо, ошондой эле кампаларда сакталган товарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ишкерлери өндүргөн продукцияны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Баалоо иштери аяктап, Wildberries компаниясынан тиешелүү маалыматтар алынгандан кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу максатында кошумча эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат", - деп билдирет министрлик.
Мындан тышкары министрлик ата мекендик ишкерлерге келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн сурамжылоо аркылуу маалыматтарды чогултуп жатканын кошумчалады.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы




























